"Дордойдо" коррупциялык схема түздү деп шектелген 5 салыкчы иштен алынды

Бешөөнүн бири январь айында эле кызматтан четтетилгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. "Дордой" базарында салык жыйноого жооптуу болуп, кийин УКМК тарабынан кармалган төрт салыкчы ишенимин жоготкондугуна байланыштуу иштен бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, бешинчиси январь айында эле жумуштан кеткен.
"Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду. Булардын кызматтан алынышына "Дордой" базарындагы коррупциялык схема боюнча айыпталып кармалышы негиз болду", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик салык кызматы учурда укук коргоо органдары базарларда салык чогултууга жооптуу болгон кызматкерлердин мурдагы жылдардагы ишине талдоо жүргүзүп жатканын кошумчалады. Буга катар мекеме "Дордой" базарын текшерип, кураторлук кылган салыкчылар ал жактан чыгарылганын билдирди.
Эске салсак, буга чейин УКМК "Дордой" базарындагы ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүү менен коррупциялык схеманы уюштуруп келген деп беш салыкчыны кармаган. https://sputnik.kg/20231211/dordoj-salyktan-boshotkondor-karmaldy-1081147430.html
Радио
Быйыл 9 айда ишканаларга 122 млн. сом айып пул салынды