13-декабрга карата аба ырайы

13-декабрда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталат. Ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу бар. Жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаап, суук болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -12...-17, Талас жергесинде -10...-15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -3...-8, Ысык-Көл аймагында -4...-9, Нарын жергесинде -11...-16 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте -14...-16, ал эми Ош шаарында -3...-5 градуска чейин жетет.
Ыштан арылуу аракети. Дүйнөлүк банктын 50 млн. долларлык долбоору макулдашылды