БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселеси 2024-жылдын жаз мезгилине барып чечилерине үмүт артты.
Эске салсак, өлкө башчы бүгүн Баткен облусуна иш сапары менен барган. Ал Капчыгай жана Достук айылдарына барып, каргашалуу окуялар маалында талкаланган турактардын ордуна курулган жаңы үйлөрдүн абалы менен таанышты.
“Чек араны чечип жатабыз, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буюрса аяктап калдык. Биз жаңы жылга чейин бүтөбүз дедик эле, бирок кичине созулуп жатат. Эми жазга барып бүтөт окшойт”, — деди президент Капчыгай айылынын тургундарына.
Үстүбүздөгү жылдын октябрында Кыргызстан менен Тажикстан №44 протоколго кол коюшкан. Ал кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чече турган протокол экендиги айтылган.
Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Буга чейин анын 290 чакырымга жакыны тактала электиги маалымдалган. Протоколго кол коюлгандан кийин чек араны тактоо иштери бир топ ылдамдаган.