БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, анын жумушчу сапары эки күнгө созулмакчы.
Өлкө башчы бир катар жаңы объектилердин ачылышына катышып, аймактагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныша турганы айтылды.