Жаңы жылдык майрам шаңы! Москвадагы ГУМ-жылгаяктан көз ирмемдер

Москва шаарындагы Кызыл аянтта ГУМ-жылгаяктын салттуу ачылышы өттү. Анын жанында оюн-зоок уюштурулат.
Sputnik
Элге белгилүү болгон жылгаяк аянтчасы 29-ноябрдан тарта иштеп, ар жекшембиде көркөм муз тебүү боюнча Олимпиада чемпиону Алина Загитованын катышуусунда акысыз мастер-класстар өткөрүлөт.
Кызыл аянттагы жылгаяктын жанында ГУМ-жарманкеси ачылып, анда москвалыктар жана борбордун коноктору улуттук сувенирлерди, жаңы жылдык балатыны, жылуу кийимдерди жана орус элинин кол өнөрчүлүгүнүн продукцияларын сатып алышат. Ошондой эле кышкы улуттук тамактардан даам татса болот. Мындан тышкары, карусель иштеп, аянтчага Жаңы жылдык балатыны, инсталляцияны коюп, жарманкелик соода үйлөрүн орнотуп, ар кыл кооздуктарды илишет.
Тема боюнча:
Бишкек: мэрия жол акы төлөбөгөндөргө белгиленген айып пулду төмөндөттү