Кыргызстанда алгачкы жолу ата мекендик сооттолгон автомобиль чогултулуп жатат

Автоунаа Балыкчыда жайгашкан Борбордук базада куралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы жолу ата мекендик сооттолгон "Газ-66 МБ" автомобили чогултулуп жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, автоунаа Балыкчыда жайгашкан Борбордук базада куралууда.

"Балыкчыда эки жыл мурда баштаган бул ремонттук базанын иштеп кетерине көпчүлүк ишенген эмес. Бүгүнкү күндө ал толук кандуу иштеп, өлкөбүздүн жаңыдан пайда болуп жаткан аскердик-өнөр жай комплексинин биринчи объектиси болуп калгандыгы реалдуу факт", — деп жазылат министрликтин маалыматында.

Коргоо министрлиги өлкөнүн түштүгүндө жаңы аскер шаарчалар салынып жатканын кошумчалаган.
Россия Дубайдагы Airshow 2023 көргөзмөсүнө эмнелерди алып барды. Видео