Коноевдердин атасын өлтүрүүгө шектелген эки адам кармалды

Окуя 2008-жылы болгон. Белгисиз адамдар Кубанычбек Коноевдин машинасын аткылап кетишкен
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кримтөбөл Рыспек Акматбаев менен байланышы бар Кубанычбек Коноевдин (Нурлан жана Мирлан Коноевдердин атасы) өлүмүнө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
1 / 9

Кримтөбөл Рыспек Акматбаев менен байланышы бар Кубанычбек Коноевдин (Нурлан жана Мирлан Коноевдердин атасы) өлүмүнө шектелгендер кармалды

2 / 9

Мурда соттолгон 40 жаштагы К.А. менен 54 жаштагы К.Н. кармалды

3 / 9

Экөө тең камакка алынды. К.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат

4 / 9

ИИМ адам өлтүрүү фактысы 2008-жылы болгонун эске салды

5 / 9

Белгисиз адамдар Кубанычбек Коноев бараткан Toyota Land Cruiser Prado машинасын автомат менен аткылаган. Автоунаа түркүктү сүзүп, Коноев мүрт кеткен

6 / 9

Ал эми кылмышкерлер из жашырган

7 / 9

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү Нурлан менен Мирлан Коноевдер 2006-жылдын август жана 2007-жылдын апрель айында өлтүрүлгөн

8 / 9

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булактын Sputnik Кыргызстанга билдиргенине караганда, кармалгандардын бири буга чейин жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тууганы болуп саналат

9 / 9

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булактын Sputnik Кыргызстанга билдиргенине караганда, кармалгандардын бири буга чейин жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тууганы болуп саналат

Мурда соттолгон 40 жаштагы К.А. менен 54 жаштагы К.Н. кармалды. Экөө тең камакка алынды. К.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.
ИИМ адам өлтүрүү фактысы 2008-жылы болгонун эске салды. Белгисиз адамдар Кубанычбек Коноев бараткан Toyota Land Cruiser Prado машинасын автомат менен аткылаган. Автоунаа түркүктү сүзүп, Коноев мүрт кеткен. Ал эми кылмышкерлер из жашырган. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү Нурлан менен Мирлан Коноевдер 2006-жылдын август жана 2007-жылдын апрель айында өлтүрүлгөн.
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булактын Sputnik Кыргызстанга билдиргенине караганда, кармалгандардын бири буга чейин жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тууганы болуп саналат.
Ташиев: Женго экранга сүйлөп койгону менен кримдүйнөдөн баш тартпаптыр