БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаев менен Райым Матраимовдун кылмыштуу топторуна тиешеси бар делип 180 мамлекеттик кызматкер иштен алынганын УКМК кабарлады.
"Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Камчы Асанбек (Көлбаев) жана Райым Матраимовдун мафиясы менен тымызын байланышта болгон 226дан ашык ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкерлер аныкталган. Алардын ичинен 180ден ашууну ээлеген кызматынан четтетилди жана бошотулду", — деп айтылат маалыматта.
УКМК бир эле бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын ичинен 76 кызматкер иштен бошотулса, Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, анын ичинен 14 киши кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилгенин белгиледи. Мындан тышкары, жергиликтүү кеңештин алты депутаты мандатын тапшырса, 65 кызматкер райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы ишинен бошотулган.
Комитет учурда калган аныкталган мамлекеттик кызматкерлер боюнча тиешелүү иштер улантылып жатканын белгиледи.