Картошка өстүрүү боюнча Кыргызстан ЕАЭБдин алдыңкы үчтүгүндө

Акыркы убакта картошкадан 1,3 миллион тонна түшүм алынууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Картошка өстүрүү жагынан Кыргызстан калкынын санына карата ЕАЭБде алдыңкы үчтүккө кирет. Мындай тыянакты экономикалык бирикменин 2018-2022-жылдарга карата алынган статистикалык маалыматтарын карап чыгарууга болот.
Киши башына эсептелген түшүм. 2022-жылдык статистикасы:
Беларусь — 418 килограмм;
Казакстан — 208 кг;
Кыргызстан — 182 кг;
Россия — 128 кг;
Армения — 118 кг.
ЕАЭБде орточо көрсөткүч 153 килограммды түзөт.
Акыркы убакта Кыргызстанда картошкадан 1,3 миллион тонна түшүм алынууда.
Сүт өндүрүү боюнча Кыргызстан ЕАЭБде алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди