Радио

Кыргызстан ЕАЭБ алкагында банктык депозиттерди коргоо боюнча кызматташууда

Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин тышкы экономикалык байланыштар боюнча менеджери Анара Айтикеева Кыргызстан аманаттарды коргоодо эл аралык принциптерди карманарын айтты.
Sputnik
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында банктык депозиттерди коргоо боюнча кызматташуу келишимине кол коюп, тиешелүү багыттар боюнча иш алып барат. Бул тууралуу Анара Айтикеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, депозиттерди коргоодо уюм ичинде мыйзамдарды шайкеш келтирүү, координациялоо багыты боюнча жумушчу топ иштейт.
"Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясына мүчө. Уюмда сегиз регионалдык комитет иш алып барып, Кыргызстан Азия-Тынч океан жана Евразия аймактык комитетине толук кандуу мүчө катары кызматташат. Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси Кадырбек Букуев Евразия аймактык комитетинин төрагасынын орун басары. Учурда Кыргызстан ЕАЭБ алкагында банктык депозиттерди коргоо боюнча кызматташуу келишимине кол коюп, тиешелүү багыттар боюнча катышууда. Уюм ичинде мыйзамдарды шайкеш келтирүү, координациялоо багыты боюнча жумушчу топ иштеп келет", — деди Айтикеева.
Ошондой эле адис ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аманаттарды коргоо боюнча эксперттик топтору ай сайын видеоконференция аркылуу актуалдуу маселелерди чагылдырып турарын кошумчалады.