ЕАЭБдеги навигациялык пломбалар: операторлор кызматташуу боюнча келишимге кол койду

Мындай пломбалар Кыргызстандагы жүк ташууларды жана Евразия экономикалык бирикмесине мүчө өлкөлөрдөн келген товарлардын кыймылын көзөмөлдөө үчүн керек.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн навигациялык пломбалар менен иштөө боюнча ыйгарым укуктуу операторлору кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн навигациялык пломбалар менен иштөө боюнча ыйгарым укуктуу операторлору кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту

2 / 2

Маалыматта навигациялык пломбаларды колдонуу жүктөрдүн ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыздай тургандыгы айтылат. Ошондой эле жүк ташуунун маршрутун көзөмөлдөө ишин азайтат. Келишимди ишке ашыруу менен товарды алуучуга жеткирүүнү жеңилдетүү жана тездетүүгө болору кошумчалаган

Ага Кыргызстандан Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Түркмөн Боотаев кол койду.
"Кол коюлган келишим — биримдиктин алкагында жүк ташуулардын коопсуздугун жана айкындыгын камсыз кылат. Ал мүчө мамлекеттердин жүк ташууну көзөмөлдөөнү жакшыртуусуна, таза атаандаштыкка жана керектөөчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет", — деп белгиледи ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович.
Маалыматта навигациялык пломбаларды колдонуу жүктөрдүн ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыздай тургандыгы айтылат. Ошондой эле жүк ташуунун маршрутун көзөмөлдөө ишин азайтат. Келишимди ишке ашыруу менен товарды алуучуга жеткирүүнү жеңилдетүү жана тездетүүгө болору кошумчалаган.

ЕЭКтин маалыматы

Навигациялык пломбалар боюнча келишим 2023-жылдын 3-апрелинде күчүнө кирген. Документти ишке ашыруу боюнча иштер акыркы баскычта турат. Экинчи деңгээлдеги актыларды даярдоодо тараптар тарабынан жүргүзүлгөн практикалык тажрыйба эске алынган (Беларусь менен Россиянын ортосунда жыгач материалдарын ташуу, Казакстан, Кыргызстан жана Россия ортосунда өз ара соода жүктөрүн ташуу). Макулдашуу 2024-жылдын башында ишке кирет.
Радио
Кыргызстан ЕАЭБ алкагында банктык депозиттерди коргоо боюнча кызматташууда