БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортко түшүп, бирок жол кирени төлөбөй койгон жүргүнчүлөргө үч миң сом деп белгиленген айып пулду миң сомго түшүрдү.
Буга чейин вице-мэр Максат Сазыкулов автобус, троллейбустарда көзөмөлдөөчү бригада иштей турганын айткан. Алгач айып пулдун суммасы үч миң деп белгиленген, бирок кайра миң сомго түшүрүлгөн документтин долбоору сунушталды.
Транспорт департаменти билдиргендей, "билет системасы" киргизилгени жатат. Анткени "Тулпар" картасына альтернатива болчу накталай төлөм жүргүзүү каралууда. Мунун баарын көзөмөлдөгөн адам болот. Ал накталай төлөгөндөргө билет берип, жол акы төлөбөгөндөрдү аныктайт.
"3000 сом чоң сумма, ошондуктан төмөндөтүүнү чечтик. Максаты — адамдар айып пулдан чочулап карта колдонууга активдүү кошулушун шарттоо", — деди департаменттен.