Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинага жардам бергенден кийин АКШнын чөнтөгүндө канча акча калары айтылды

Киевге колдоо көрсөтүү конгрессти эки жээкке бөлгөн талуу маселеге айланды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Украинадан улам барган сайын азайып жаткан курал-жарак запасын толтуруу үчүн АКШнын бир миллиард гана доллары калды. Бул тууралуу Ак үйдүн административдик-бюджеттик башкармалыгынын башчысы Шаланда Янг CBS телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Өз запасыбызды толтуруу үчүн учурда колубузда бир миллиард доллар калды. Мындан аркысы саясий чечимге байланыштуу. Дүйнө татаалдашып бараткан чакта коргонуу жөндөмдүүлүгүбүздү тобокелдикке сала алабызбы? Же конгресс өз коопсуздугубузду камсыздап, союздашыбыз болгон Украинага жардам бере турган чараларды көрөбү?" — деп суроо салды ал.
Янг Киевге кошумча каражат бөлүү сурамын бекитүүгө чакырып, талкууланып жаткан сумманын көбү "үйдө каларын" белгилеген.
"Айтылган каражаттын басымдуу бөлүгү биздин коргонуу өнөр жай комплексибизге тиет. Демек, көбүрөөк ок-дары, курал-жарак өндүрүлөт. Бул жакшы төлөнгөн жумуш орундары", — деди Ак үйдүн өкүлү.
Украинага жардам көрсөтүү АКШ конгрессин эки жээкке бөлгөн талуу маселеге айланды. Президент Жо Байден күзүндө Украина, Израиль жана Азия-Тынч океанынын аймагындагы аракеттери үчүн 106 миллиард доллар сурап, бирок так жооп ала алган эмес.
Сурамды эки палата тең бекитип бериши керек. Республикачылар Ак үй АКШнын чек арасын коргоого мамилесин өзгөртмөйүнчө Киев режимине каражат бөлүүнү колдобой турганын билдирген. Натыйжада көпчүлүгүн Республикалык партия түзгөн Өкүлдөр палатасы Тель-Авивге гана акча бөлүүнү колдоп, бирок демократтар көзөмөлдөгөн сенат чечимди бөгөттөп салган.
Эгер көйгөй азыр чечилбесе майрамдык каникулдан улам маселеге жыл жаңыргандан кийин гана кайрылууга мүмкүн болот.
Буга чейин АКШ администрациясы Украинага деп бөлүнгөн каражат азайганын, мындан улам курал-жарак пакети да кыскарып жатканын моюндаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык журналист: Пентагон конгрессмендерге Киев боюнча кысым көрсөтүп жатат