БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Америкадагы Республикалык партиянын сенатору Линдси Грэм Израилдин палестиналыктарга карата саясатын сындаган БУУнун башкы катчысын "АКШ менен ойнобошун" айтып коркутту.
"Республикачы катары президент Жо Байдендин Израилдин ХАМАС менен тирешине карата жасаган кадамдарын толугу менен колдойм. Барымтадагылар бошотулуп, Израилдин коопсуздугу камсыздалмайын ок чыгаруу токтобошу керек. Ал эми биздин БУУдагы досубузга бул согушка чейин сиздин АКШ менен мамилеңизде мандем бар болчу, эми ал чоң көйгөйгө айланат деп айткым келет", — деди Грэм Доха дискуссиялык форумунда.
Буга чейин БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Газадагы абал вакуумдан пайда болбогонун, тирештин себеби палестин-израиль жаңжалынын саясий чечимдеринин жоктугунда жатканын билдирген.