Баткендин Ак-Сайында чек ара чырында талкаланган мектеп жаңы салынды. Сүрөт

2022-жылдын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда Ак-Сай айылында бир топ социалдык объектилер талкаланып, өрттөлүп жараксыз абалга келген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек ара чырында талкаланган Ак-Сай айылындагы мектеп кайрадан жаңы салынып, анын ачылышына мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, билим берүү мекемеси 275 орунга ылайыкталган. Президент жергиликтүү тургундарды мектептин ачылышы менен куттуктап, мамлекет жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары кабыл алып, бир топ иштерди жасоого бел байлаганын белгиледи.
1 / 5

Кыргыз-тажик чек ара чырында талкаланган Ак-Сай айылындагы мектеп кайрадан жаңы салынып, анын ачылышына мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты.

2 / 5

Билдирмеге караганда, билим берүү мекемеси 275 орунга ылайыкталган.

3 / 5

Президент жергиликтүү тургундарды мектептин ачылышы менен куттуктап, мамлекет жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары кабыл алып, бир топ иштерди жасоого бел байлаганын белгиледи.

4 / 5

Ак-Сай айылындагы мектеп кайрадан жаңы салынды

5 / 5

Ак-Сай айылындагы мектеп кайрадан жаңы салынды

"Баткен жергесинде кичинекей бир ийгилик болсо дагы кубанам. Бүгүн мына толугу менен жаңыдан курулган эки айылдын ачылышын жасап жатабыз. Каргашалуу окуялардан кийин калыбына келтирүү иш-чараларынын алкагында Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, кыйраган, жараксыз абалга келген тамдардын ордуна заманбап шарты менен жаңы үйлөр курулуп, ээлерине тапшырылды. Мунун баары сиздердин мамлекетке болгон ишенимиңиздер, колдооңуздардын арты менен ишке ашып жатат. Элдин бийликке ишеними артып, бийликтин элине кам көрүшүнүн өзү эле өнүгүүгө болгон ынтымактуу кадам. Бүгүн биз эки айылдан сырткары, жалпы Баткен облусу боюнча 30дай социалдык объектинин ачылышын жасаганы турабыз", — деген президент.
Учурда Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Баткенди кыдырууда.
Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда Ак-Сай айылында бир топ социалдык объектилер талкаланып, өрттөлүп жараксыз абалга келген.
Баткендин Үч-Коргон айыл аймагында жаңы оорукана курулду. Сүрөт