Улуттук коопсуздукту камсыздоо үчүн мамлекет жарандардын айрым укуктарын чектей алат, бирок бул механизм абдан татаал. Бул тууралуу Таттыбүбү Эргешбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул аракет өлкөдө ратификацияланган эл аралык келишимдерге каршы келбеши керек.
"Улуттук коопсуздук — бул улуттун өзүн өзү сактоосу, көбөйтүүсү жана өркүндөтүүсү үчүн зарыл болгон керектөөлөрдү канааттандыруу жөндөмдүүлүгү. Конституцияда КР көп улуттуулукту кабыл алат жана эч бир адам дискриминацияга кабыл алынбай турганы белгиленген. Ошондуктан "улут" дегенде мультиулуттуулукту түшүнөбүз жана ал Кыргызстандын жарандарына тиешелүү болот. Жаран улуттук коопсуздукту камсыздоо үчүн зарыл болгон мыйзамда каралбаган чектөөлөргө дуушар болбошу керек. Башкача айтканда, мамлекет улуттук коопсуздукту камсыздоо үчүн айрым адамдардын укуктарын чектөөгө укуктуу. Бирок бул чектөө мыйзамда каралган өзгөчө нормалар менен аныкталышы шарт. Ал абдан кыйын механизм. Себеби Кыргызстанда 400гө чукул эл аралык келишим ратификацияланган. Ошолорго түздөн-түз каршы келбеши зарыл. Ошондуктан КР Конституциясында адам укугун сактоо негизги принцип катары каралып, эл аралык стандарттарга ылайык жазылган. Өлкөнүн улуттук коопсуздук концепциясы 2021-жылдын ноябрында кабыл алынып, мөөнөтү 2026-жылдын соңуна чейин аныкталган. Анын аткарылышына президент жооптуу болуп эсептелет", — деди Эргешбаева.
Ошондой эле ал аталган концепцияда мамлекетти коргоо, өлкөдөгү стабилдүүлүк, аймактагы коопсуздук сыяктуу маанилүү маселелер камтылганын кошумчалады.