Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россиянын коргонуу өндүрүшү өр алса, Украинаныкы артка кетти

Путин өзүнө таандык эч нерсеси жок өлкөнүн келечеги да жок экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Россиянын коргонуу өндүрүшү өр алды, ал эми каршы тараптын базасы дагы, каражаты дагы жок. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин РФтин баатырларын сыйлоо аземинде айтканын РИА Новости жазды.
"Бул айкын болуп калды. Биздин өндүрүш алдыга жылды, курал-жаракты көп чыгара баштадык. Бирок бул дагы жетишсиз", — деген өлкө башчы.
Путин каршы тарап, тескерисинче, артка кетип жатканын белгилеген.
"Өзүнүн базасы, идеологиясы, өндүрүшү, акчасы, деги эле өзүнө таандык эч нерсеси болбогон өлкөнүн келечеги да жок", — деген Россиянын лидери.
Жума күнү Путин Кремль сарайында Россиянын баатырларына "Алтын жылдыз" медалын тапшырган.
Ноябрда вице-премьер Денис Мантуров ата мекендик коргонуу өнөр жай комплекси планга ылайык авиацияны, флотту, кургактагы аскерлерди курал-жарактын бардык түрү менен толук камсыздап жатканын айткан. Министр Сергей Шойгу кийинки жылы кошумча бюджеттик акчанын эсебинен курал-жарак жана аскердик техника мындан да көп сатып алынарын белгилеген болчу. Өз кезегинде Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев Россиянын коргонуу өнөр жай комплекси Улуу Ата Мекендик согуштан берки бийик деңгээлге чыкканын билдирген.
Путин: Батыштын ири банктарынын монополиясынын кыйроосу күтүлүүдө