БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" ишканасы 2023-2024-жылдарга карата поезддердин графигине өзгөртүү киргизилгенин маалымдады.
Буга байланыштуу 2023-жылдын 10-декабрынан тарта ички жана эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графиги төмөнкүдөй өзгөртүлдү:
Бишкек — Шу — Казань багытындагы №405/113-406/114 поезддер жаңы график боюнча жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) каттайт. Кетүү убактысы “Бишкек-2” бекетинен саат 15:25те, Казанга саат 06:58де жетет (Москва убактысы боюнча);
№ 6050/6051 Бишкек-1 — Токмок ички каттамы “Бишкек-1” бекетинен саат 17:25те чыгып, “Токмок” бекетине саат 19:42де жетет. Ал эми эртең менен Токмоктон саат 05:05те чыгып, “Бишкек-1ге” саат 07:21де келет;
№6063/6064 Бишкек-2 — Кайыңды ички каттамы “Бишкек-2” бекетинен саат 17:41де чыгып, Кайыңдыга 20:10до жетет. Эртең менен “Кайыңды” бекетинен саат 05:07де чыгып, “Бишкек-2ге” саат 07:32де келет.