Өткөн кылымдын 20-жылдары Кытайга качкан кыргыздар мекенине кайтарылып, отурукташкан жергиликтүүлөр совет бийлигин орнотууга далалат кылган. Ал мезгилдери өлкө аймагында жер-суу реформасы жүрүп, экономиканы, ички чарбаны жолго салуу аракеттери активдешип, 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. Совет өкмөтү алгачкы билим берүү, маданий мекемелерди ачтырып, колхоз-совхоздор биринин артынан бири уюшулуп, бай-манаптар кулакка тартылган.