БУУнун Баш катчысы Коопсуздук кеңешинин кадырына доо кеткенин айтты

Баш катчынын айтымында, "согуштук аракет жүргөн эки айдын ичинде жай тургундар болуп көрбөгөндөй кырылды".
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. БУУнун Генералдык ассамблеясынын Газа секторундагы ок атууну токтотуу боюнча резолюциясын аткарууга жөндөмсүздүгү уюмдун Коопсуздук кеңешинин кадырына доо кетирди. Бул тууралуу БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш Катарда өтүп жаткан Доха форумунун ачылышында билдиргенин РИА Новости жазды.
"БУУнун кадыр-баркы жана ага болгон ишеним Газа секторундагы ок атууну токтотуу боюнча резолюцияны аткарууга жөндөмсүздүгүнөн улам кыйрады. Гуманитардык элдешүүгө жетише алган жок, анткен менен каршылашууну токтотууга чакыруу маанисин жоготкон жок. Мен да бул жолдон кайтпайм", — деди Гутерреш.
Баш катчынын айтымында, "согуштук аракет жүргөн эки айдын ичинде жай тургундар болуп көрбөгөндөй кырылды". Мындан тышкары, эл гуманитардык апаатка жана эпидемияга туш болушу ыктымал.
АКШ БАЭнин Газа боюнча резолюциясына БУУнун Коопсуздук кеңешинде бөгөт койду