Авариялык абалда болчу. Кара-Сууда эки кабаттуу заманбап мектеп курулду

Кол эмгеги сабагы үчүн кыздарга тигүүчү машиналар, балдарга станоктор орнотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылындагы мектептин ачылыш аземине катышты.

2 / 3

Анда Жапаров жашоочулар бул жаңы имаратты курууну көп жылдан бери күтүп жүрүшкөнүн, чечим кабыл алынган соң тез арада салынып, пайдаланууга берилгенин айтты.

3 / 3

225 орундуу мектепти курууга республикалык бюджеттен 83 миллион сом жумшалган.

Анда Жапаров жашоочулар бул жаңы имаратты курууну көп жылдан бери күтүп жүрүшкөнүн, чечим кабыл алынган соң тез арада салынып, пайдаланууга берилгенин айтты.
“Ушул мектептин курулушу титулдук тизмеге кирип жатканда адистер “тамчы таамп жатат, электр зымдары чирип калган, айла жоктон окуп жатышат, балдардын өмүрүнө абдан кооптуу, өтө авариялык абалда” деп чырылдап айткандары эсимде. Бүгүн, мына, жаркырап эки кабаттуу болуп заманбап мектепке айланып отурат”, — деген өкмөт башчы.
225 орундуу мектепти курууга республикалык бюджеттен 83 миллион сом жумшалган. Ичинде бардык шарттары түзүлүп, спорт зал, ашкана, кыздар үчүн кийим тигүүчү машиналар, балдар үчүн кол эмгек сабагынан колдонулчу станоктор орнотулган кабинеттер бар.
Бир класста 50 бала. Депутат Кара-Суудагы урайын деп калган мектеп тууралуу