Бишкекте Айтматов менен Гамзатовдун чыгармачылыгы боюнча лекция окулат

Уюштуруучулар эки улуу инсанды достук байланыштырганын белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Дагестандын эл акыны Расул Гамзатовдун чыгармачылыгы боюнча лекция окулат. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдирди.
Жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Дагестандын эл акыны Расул Гамзатов. Архидик сүрөт
Иш-чара 12-декабрь күнү саат 14:00дө Бишкектеги “Русский дом” борборунда (Эркиндик проспектиси 2/1) өтөт.
Лекцияны Россия менен Кыргызстандын маданият министрликтери, ошондой эле Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурат.
Лекцияны редактор, журналист, адабият таануучу, үн архивисти, музей кызматкери Павел Крючков окуй турганы айтылды.
"Эки жазуучуну достук байланыштырып турган. Расул Гамзатов Кыргызстанга бир нече ирет келип кеткен. Иш-чарада сиздер Чыңгыз Айтматов менен Расул Гамзатовдун өмүрү, чыгармачылыгы жана достугу тууралуу кызыктуу фактылар менен гана таанышпастан, белгилүү жазуучулардын үнүн кайталангыс архивдик жазуулардан уга аласыздар", — деген уюштуруучулар.
Иш-чарага катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу катталуу керек.
Эске салсак, бул жылы Айтматовдун 95 жылдыгы, Гамзатовдун 100 жылдыгы белгиленүүдө.
Бишкекте мектеп жана жаштар театрынын фестивалы өтөт. Кирүү акысыз