Японияда толкун бир чакырымдык жээкке сардин балыгын сүрүп чыгарды. Видео

Балыктар эмне себептен өлгөнү азырынча белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Япониянын эң түндүк тарабындагы Хоккайдо аралынын Хакодате шаарында толкун миңдеген өлүк сардин балыктарын жээкке сүрүп салды. Окуя 7-декабрда болгонун "Известия" басылмасы япониялык NHK телеканалына таянып жазды.
"7-декабрдын түшкү маалына карата миңдеген сардин жана балыктын башка түрлөрү бир чакырым узундуктагы жээкке сүрүлүп чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү балык улоо ассоциациясынын маалыматы боюнча, мындай учурлар мурун да болуп келген. Бирок бул жолкусунда жээкке чыккан балыктын көлөмү аябай эле көп экени айтылды. Деген менен бул окуя экосистемага зыян келтирбей турганын Хоккайдо университетинин профессору Мицухиро Накая билдирди. Анын айтымында, балыктарды дельфин же тунец кубалашы мүмкүн. Жырткычтан качкан балыктар жээкке жакын келип, толкун менен суудан чыгып калышы ыктымал.
Шаар бийлиги көп өлчөмдөгү өлгөн балыкты эмне кыларын билбей турган чагы.
Кан басымы "ойноп", көңүл чөгөт. Йодду толуктап, иммунитетти көтөрчү 10 азык