БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Владимир Путин "Россия сегодня" эл аралык медиа тобунун жамаатын 10 жылдык мааракеси менен куттуктады. Ал медиа топ өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды тез жана так чагылдырган таланттуу адистердин ынтымактуу командасын бириктирерин белгиледи.
"Силердин мурунку атактуу журналисттердин, кабарчылардын, редакторлордун, котормочулардын, публицисттердин чыгармачылык салттарын татыктуу улантып жатканыңар кубандырат. Ал эми жаш кызматкерлерге тажрыйба менен бөлүшүп, ишти үйрөтүп жатасыңар", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Президент медиа топ мындан ары да мыкты иштеп, ата мекендик жана эл аралык маалымат мейкиндигинде таанылган лидерлердин бири катары позициясын сактап калат деген ишенимин билдирди.
"Россия сегодня" эл аралык медиа тобу орус тилдүү РИА Новости, Sputnik радиосу, ПРАЙМ, ИноСМИ, Baltnews, Украина.ру, Социальный навигатор, КОТ жана Arctic.ru маалымат агенттиктерин бириктирип турат. Ал чет өлкөдө Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу деп таанылган.
Медиа топтун негизги продуктулары орус, англис, кытай, испан, араб жана фарси тилдериндеги маалыматтар. "Россия сегодня" — эл аралык аудиторияга, бизнес коомчулукка, мамлекеттик органдарга жана колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө багытталган маалыматтык продуктулардын ири россиялык өндүрүүчүсү.