БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ордо калаада тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүп жатат.
Маалым болгондой, акциянын катышуучулары туунун нурларын өзгөртүү боюнча биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоорун четке кагууну суранып жатышат.
Митингге 100дөй адам чогулган.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примов желектин ичиндеги айрым белгилерди өзгөртүүнү сунуштап, парламент мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да желекти өзгөртүүнү колдой турганын билдиришкен.