Садыр Жапаров катышкан "Мурас" футбол турниринен сүрөттөр

Жеңүүчүлөргө чемпиондук кубок жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы "Мурас" достук турниринин сүрөттөрүн жарыялады. Мелдеште президент Садыр Жапаровдун командасы жеңишке жетти.
Иш-чара 8-9-декабрда өттү.
"Турнирдин максаты — дени сак жашоо образын жайылтуу. Спорт ар бир адамдын жашоосунун бир бөлүгү болушу керек. Турнир барган сайын жакшырууда. Бул командалардын ойногонунан да байкалууда", — деди өлкө башчы.
Турнирге 16 команда катышты. Жеңүүчүлөргө чемпиондук кубок жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Футболчу медиктер 400 000 сомдук байгесин майыптыгы бар балдарга берет