Лавров "Россия сегодня" медиа тобун юбилейи менен куттуктады

Министр медиа топ ата мекендик ЖМКлардын арасында чынында алдыңкы позицияны ээлей турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Россия сегодня" командасын жана анын башкы директору Дмитрий Киселевду медиа топтун 10 жылдык мааракеси менен куттуктады.
"Силердин медиа топ ата мекендик ЖМКлардын арасында чынында алдыңкы позицияны ээлейт. Эл аралык аренада өлкөбүздү татыктуу көрсөтүп, 30 тилде жаңылыктардын кеңири түрүн чыгарып, 100дөн ашык чет элдик өнөктөштөр менен активдүү кызматташып жатат", — деп жазылат Лавровдун куттуктоосунда.
Ал россиялык маалымат каражаттарына чет өлкөлөрдө басым жасалып жаткан мезгилде медиа топтун кызматкерлери чынчыл журналистиканын жогорку кесиптик стандарттарына жооп берип, иштерин улантып жатканын айткан.
"Россия сегодня" эл аралык медиа тобу орус тилдүү РИА Новости, Sputnik радиосу, ПРАЙМ, ИноСМИ, Baltnews, Украина.ру, Социальный навигатор, КОТ жана Arctic.ru маалымат агенттиктерин бириктирип турат. Ал чет өлкөдө Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу деп таанылган.
Медиа топтун негизги продуктулары орус, англис, кытай, испан, араб жана фарси тилдериндеги маалыматтар. "Россия сегодня" — эл аралык аудиторияга, бизнес коомчулукка, мамлекеттик органдарга жана колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө багытталган маалыматтык продуктулардын ири россиялык өндүрүүчүсү.
Россия Мамдумасынын төрагасы "Россия сегодня" жамаатын мааракеси менен куттуктады