Патрушев "Россия сегодня" медиа тобун 10 жылдыгы менен куттуктады

Коопсуздук кеңешинин катчысы медиа топтун ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын ичинен алдыңкы орунга ээ болушун камсыз кылган сапаттарын санап өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев "Россия сегодня" медиа тобунун жалпы жамаатын жана анын башкы директору Дмитрий Киселевду медиа топтун 10 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Анын айтымында, медиа топтун кынтыксыз иши, компетенттүүлүгү, күчтүү жарандык позициясы жана журналисттик этикага берилгендиги аны ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын арасында алдыңкы орунга коюп келет.
"Силердин тандаган ишиңерге ак ниеттүүлүктүн аркасында улуттук жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча кеңири аудиторияга натыйжалуу маалымат берилип келет. Силер дүйнөлүк маалымат мейкиндигинде Россиянын кызыкчылыктарын коргой аласыңар, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү эң маанилүү окуяларды ыкчам жана так чагылдырып келесиңер", — деп белгиледи Патрушев.
"Россия сегодня" эл аралык медиа тобу орус тилдүү РИА Новости, Sputnik радиосу, ПРАЙМ, ИноСМИ, Baltnews, Украина.ру, Социальный навигатор, КОТ жана Arctic.ru маалымат агенттиктерин бириктирип турат. Ал чет өлкөдө Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу деп таанылган.
Медиа топтун негизги продуктулары орус, англис, кытай, испан, араб жана фарси тилдериндеги маалыматтар. "Россия сегодня" — эл аралык аудиторияга, бизнес коомчулукка, мамлекеттик органдарга жана колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө багытталган маалыматтык продуктулардын ири россиялык өндүрүүчүсү.
Россия Мамдумасынын төрагасы "Россия сегодня" жамаатын мааракеси менен куттуктады