Патриарх Кирилл "Россия сегодня" медиа тобун 10 жылдыгы менен куттуктады

Ал жалпы жамааттын ишине ийгилик каалап, кызматташууну мындан ары да улантуу ниетин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Москванын жана бүткүл Россиянын патриархы Кирилл "Россия сегодня" медиа тобунун жамаатын 10 жылдык мааракеси менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.
Патриарх редакцияда "Дин жана дүйнө тааным" бөлүмүнүн болушу канчалык маанилүү экенин белгилеп, журналисттери Россия православ чиркөөсүнүн ишмердүүлүгүнө дайыма көңүл буруп, анын тарыхы жана азыркы жашоосу тууралуу жогорку деңгээлде айтып келишерин кошумчалаган. Ал кызматташууну мындан ары да улантуу ниетин билдирген.
"Россия сегодня" эл аралык медиа тобу орус тилдүү РИА Новости, Sputnik радиосу, ПРАЙМ, ИноСМИ, Baltnews, Украина.ру, Социальный навигатор, КОТ жана Arctic.ru маалымат агенттиктерин бириктирип турат. Ал чет өлкөдө Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу деп таанылган.
Медиа топтун негизги продуктулары орус, англис, кытай, испан, араб жана фарси тилдериндеги маалыматтар. "Россия сегодня" — эл аралык аудиторияга, бизнес коомчулукка, мамлекеттик органдарга жана колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө багытталган маалыматтык продуктулардын ири россиялык өндүрүүчүсү.
Валентина Матвиенко "Россия сегодня" жамаатын мааракеси менен куттуктады