Өзгөндө 75 млн. сомго мектеп салынып, ачылышына Акылбек Жапаров катышты. Сүрөт

Жапаров 2023-жылы Кыргызстан боюнча 205 мектептин салынышы башталып, жылдын аягына чейин анын 111и пайдаланууга берилгенин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Өзгөн районунун 15 жаш айылында 150 орундуу мектеп салынып, ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Өзгөн районунун 15 жаш айылында 150 орундуу мектеп салынып, ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты

2 / 3

Жапаров жергиликтүү элди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, 150 түтүн жашаган кичинекей айылга заманбап шарттары менен мектеп курулганын белгилеген

3 / 3

Ж. Пиримкулов атындагы орто мектепти курууга республикалык бюджеттен 75 миллион сом жумшалганы кошумчаланды

Жапаров жергиликтүү элди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, 150 түтүн жашаган кичинекей айылга заманбап шарттары менен мектеп курулганын белгилеген.
Ал 2023-жылы Кыргызстан боюнча 205 мектеп салына баштаса, жылдын аягына чейин анын 111и пайдаланууга берилгенин кошумчалаган.
"Президент элди ынтымакка, кечиримдүүлүккө чакырууда. Ушундай президентти канча күттүк, эми колдоп-коргоп алууга аракет кылалы. Мамлекетке кирген ар бир тыйын кайра эле элге жумшалат. Башкысы – балдарыбыз билимдүү болсун. Алар жогорку технологиялуу атаандаштыкка жөндөмдүү, бир кесипке, бир жөндөмгө, бир көндүмгө ээ болуп, оокатка тың балдардан болсо экен. Элеттиктерге мектепти бир жылда бүтүрүп берүү убадасы берилди эле, эми ал аткарылды", — деген Жапаров.
Ж. Пиримкулов атындагы орто мектепти курууга республикалык бюджеттен 75 миллион сом жумшалганы кошумчаланды.
ӨКМ 73,6 млн. доллар кредит алып авариялык 40 мектептин ордуна жаңысын курат