ИИМ: тууну өзгөртүүгө каршы митингге чакырган активист кармалды

Активист бул техникаларды чет өлкөдөн каржыланган блогерлер менен чогуу коомдун оюн бузуп, өлкөдө кырдаалды туруксуздаштыруу максатында колдонуп жүргөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкекте массалык башаламандыкка алып келе турчу чакырыктарды жасаган деп А.Ж. аттуу активист кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Бишкекте массалык башаламандыкка алып келе турчу чакырыктарды жасаган деп А.Ж. аттуу активист кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады

2 / 4

Билдирмеге караганда, ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу тууну өзгөртүүгө каршы митингге чакырган

3 / 4

Милиция анын жашаган жерин текшерип, жыйынтыгында баасы 3 миллион сомдон ашык уюлдук аппарат, фотоаппарат, ноутбук, компьютер, планшет, ар кандай техникалык каражаттар жана банк карталарын тапкан

4 / 4

Шектүү 7-декабрда эки жакын адамы менен жашаган даректен жогорудагы техникаларын алып качып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен колго түшүрүлдү

Билдирмеге караганда, ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу тууну өзгөртүүгө каршы митингге чакырган. Милиция анын жашаган жерин текшерип, жыйынтыгында баасы 3 миллион сомдон ашык уюлдук аппарат, фотоаппарат, ноутбук, компьютер, планшет, ар кандай техникалык каражаттар жана банк карталарын тапкан.
"Шектүү 7-декабрда эки жакын адамы менен жашаган даректен жогорудагы техникаларын алып качып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Активист бул техникаларды чет өлкөдөн каржыланган блогерлер менен чогуу коомдун оюн бузуп, өлкөдө кырдаалды туруксуздаштыруу максатында колдонуп жүргөн", — деп жазылат кабарда.
Бул фактылар боюнча тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү ("Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча иш козголуп, активист Свердлов райондук сотунун чечими менен эки айга камалды.
Базарлардагы митинг. Ташиев уюштуруучуларды табууну тапшырды