Ошто майыптыгы барлардан опузалап акча алган кызматкерлер кармалды. Видео

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ар бир кабыл алуу күнүндө 60-70 миң сомдон түшүп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ош облусунда майыптыгы барлардан акча талап кылып келген Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Араванда Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) кызматкерлери майыптык тобун аныктоо үчүн майыптыгы барлардан опузалап акча талап кылып турганы аныкталган. Бул боюнча 22 факты катталганы айтылды.
https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg/19753
"Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ар бир кабыл алуу күнүндө 60-70 миң сомдон түшүп турган", — деп жазылат кабарда.
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча иш козголуп, МСЭКтин Ош облусундагы төрагасы А.А.М., Ч.Э.А. жана Ж.М.З. аттуу комиссия мүчөлөрү кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.
УКМК: Баткенде облус башчынын кеңешчиси 200 миң доллар пара алып жатып кармалды