Базарлардын администрациясы соодагерлер үчүн ижара акыны арзандатууну чечти

Кеп "Орто-Сай", "Аламүдүн", "Оберон" жана "Дордой" базарлары жөнүндө болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкектеги базарлардын администрациясы соодагерлер үчүн ижара акыны төмөндөтүүнү чечти. Бул тууралуу "Апенди бизнесмен" Telegram-каналы кабарлады.
"Оберон" рыногунун жетекчилиги ижарачыларга 20 пайыз, "Дордойдуку" 30 пайыз, "Аламүдүндүкү" 30-50 пайызга төмөндөтүүгө даяр экендигин айткан.

"Орто-Сай" базары дагы жеңилдик берүү ниетинде. Соода борборлордун ээлери министрлер кабинетинин салык реформасын ушундай жол менен колдоону чечишкен", деп айтылат маалыматта.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соодагерлердин ишин жеңилдетүү үчүн базарлардагы ижара акысын кеминде эки эсе азайтуу керектигин айткан.
Базарлардагы митинг. Ташиев уюштуруучуларды табууну тапшырды