Сириянын лагерлериндеги кыргызстандык 31 аял жана 65 бала алып келинди

Мекендештер "Айкөл-4" деп аталган атайын операциянын натыйжасында кайтып келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек.— Sputnik. Бүгүн, 8-декабрда, Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен 31 аял, 65 бала кайтарылганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Билдирмеге караганда, мекендештер Сириядагы лагерлерде баш калкалап келишкен. Алар президент жана өкмөт тарабынан коюлган тапшырманын алкагында "Айкөл-4" деп аталган атайын операциянын натыйжасында кайтып келишкен.
Кыргыз тарап атайын операцияны өткөрүүгө ар тараптуу жардам жана логистикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн АКШ өкмөтүнө, БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетине ыраазычылык билдирди. Бул турмуштук оор кырдаалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча төртүнчү ири кампания экени кошумчаланды.
"Согуш күчөсө дейт". АКШнын Жакынкы Чыгыштагы келерки кадамы тууралуу айтышты