БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги жаңы 107 автоунаалуу болгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Атайын техниканы тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышкан.
"Жаңы автоунаалардын ичинде 47 тез жардам, 54 санитардык транспорт, сөөк ташыган төрт атайын машина, эки дезинфекциялык автоунаа бар", — деп айтылат маалыматта.
Акылбек Жапаров медициналык мекемелер үчүн атайын техника "COVID-19 кесепеттерине ыкчам чара көрүү" долбоорунун алкагында Россия берген 3 миллион доллар гранттык каражатка сатып алынганын айткан.
"Үч жылдын ичинде биз 335 бирдик жаңы тез жардам унааларын, ошондой эле санитардык автоунаа алдык. Мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү саламаттык сактоо системасынын туура уюштурулушунан көз каранды. Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде биздин өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын алсыз жактарын көрсөттү. Ооруканалардын, клиникалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууну баштадык, көптөгөн атайын жабдууларды сатып алып жатабыз", — деген Жапаров.
Россиянын элчиси Николай Удовиченко РФ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн тынымсыз колдоо көрсөтөрүн белгиледи. Анын айтымында, мындай адистештирилген түрдүү техникалардын берилиши — боордош элдердин достук мамилесинин анык далили.
Тема боюнча: