Владимир Путин мартта өтө турган президенттик шайлоого катышарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин кийинки президенттик мөөнөткө шайлануу ниети бар экенин Россия Баатырларына "Алтын жылдыз" медалын тапшыруу аземинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Азем учурундагы сүйлөшүү маалында өлкө башчысына боло турган шайлоого катышуу өтүнүчү айтылган. Путин шайлоого барарын айтып жооп берген.
Федерация кеңеши президенттик шайлоо 15-17-март күндөрү өтө турганын билдирди.
Владимир Путин “Жылдын ыктыярчысы” сыйлыгын тапшырды. Видео