Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык журналист: Пентагон конгрессмендерге Киев боюнча кысым көрсөтүп жатат

Буга чейин сенаттагы республикачылар Ак үйдүн Украина менен Израиль үчүн каражат бөлүү жөнүндөгү билдирүүсүн карабай коюшкан. Өкүлдөр палатасы дагы тийиштүү долбоорду жактырууга шашкан жок.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Пентагондун жетекчиси Ллойд Остин эгер администрациянын Киевге жардам көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчүн конгрессмендер колдоп бербесе алардын жакындарын Россия менен болгон жаңжалга жөнөтө турганын ачык айтып коркутууда. Бул тууралуу белгилүү америкалык журналист Такер Карлсон Х соцтармагы аркылуу билдирди.
"Биз силердин туугандарыңарды жана балдарыңарды Россия менен согушууга жөнөтөбүз", — деп Карлсон Пентагон башчысынын өкүлдөр палатасынын жабык брифингинде айткан цитатасын келтирди.
Журналисттин бул билдирүүсүнө миллиардер Илон Маск кызыгып, "Остин чындап эле ошентип айттыбы?" деп суроо узаткан. "Такталган маалымат" деп жооп берди Карлсон.
Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Россия Украинаны жеңгенден кийин НАТО өлкөлөрүнө кол сала турганына ишенип жатканын айткан.
Ал эми РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Вашингтон мыйзам чыгаруучулардын башын айлантуу үчүн Россияны жаманатты кылып жатканы өкүнүчтүү экенин билдирген.
Эске салсак, буга чейин сенаттагы республикачылар Ак үйдүн Украина менен Израиль үчүн каражат бөлүү жөнүндөгү билдирүүсүн карабай коюшкан. Өкүлдөр палатасы дагы тийиштүү долбоорду жактырууга шашкан жок.
АКШга сокку болду. ЖМК Россия маанилүү фронтто жетишкендигин белгиледи