Быйыл 1 миллион 600 миңдей окуучуга манас жаттата алдык. Бул тууралуу Азиз Биймырза уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул эпосту жайылтуу максатында жасалган иш-чаралардын бири болуп саналат.
"21-ноябрь күнү байге фонду миллион сомду түзгөн жаш манасчылардын эл аралык кароо-сынагы Жалал-Абад облусунда өткөрүлүп, Манас жумалыгына старт берилди. Ошондон тартып 4-декабрь — "Манас" эпосунун күнүнө карата иш-чаралар уюштурулуп турду. Ал эми жыйынтыктоочу салтанат филармонияда өтүп, андан кийин "Манасчылар" деген тасманын бет ачары болду. Быйыл "Урааным Манас" деген долбоордун алкагында 1 миллион 600 миң балага манас жаттатууга жетиштик. Буга республика боюнча окуучулар катышып, 1,5 миллион сом байге коюлган. Ошонун ичинен Бишкек шаарынын Свердлов районунун окуучулары өзүн мыкты көргөзө алды. Алардын ичинен башталгыч класстагы миң баланы филармонияга жыйнап, аларга аскер окуу жайынын, ИИМ академиясынын курсанттары кошулду. Натыйжада 1500 адам филармонияда манас айтты. Бул үч күндүк, жети күндүк манас айтууларды уюштура берсек болорун далилдеди. Ага утурлай эле илимий багыттагы иш-чаралар дагы үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, келечекке пландар түзүлдү", — деди Биймырза уулу.
Ошондой эле ал ал спорттук иш-чарада манас айтылганы дагы жакшы натыйжа берерин кошумчалады.