УКМК: Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызматкерлерине иш козголду

Алар чакыруу каттарын жакын туугандарын чет өлкөгө чыгаруу максатында пайдаланышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек.— Sputnik. Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызмат адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган делип аларга иш козголду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлады.
Билдирмеге караганда, алар ыйгарым укуктарын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы пайдаланып, Конституциялык соттун судьяларынын чет өлкөлүк иш сапарларына арналган чакыруу каттарын жашырып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына, жакын туугандарын чет өлкөгө чыгаруу максатында пайдаланышкан.
Мындан улам Конституциялык соттун төрагасына жана кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козголгон.
Кыргыз опера жана балет театрынын директору кармалды