Конституциялык сот төрага боюнча УКМКнын айыптоосуна жооп берди

Соттун маалымат кызматы териштирүү аягына чыгып, фактылар аныкталганга чейин эрте баа берүүдөн жана жалган маалымат таратпоого чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Конституциялык соттун маалымат кызматы төраганын туугандары менен чет жакка сапарлары боюнча УКМКнын айыптоосуна жооп берди.
"Чет элдик иш-чаралардын уюштуруучулары катышуучулар кааласа жакындары менен келе алышат деп алар үчүн өзүнчө маданий программа уюштурушат. Бирок аларга акыны катышуучулар өздөрү төлөйт. Чакыруу каттары электрондук документ жүгүртүү системасында катталгандыктан, аларды ачууга болбойт", — деп жазылат билдирүүдө.
Соттун маалымат кызматы териштирүү аягына чыгып, фактылар аныкталганга чейин эрте баа берүүдөн жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырган.
Буга чейин УКМК Конституциялык сот жана башка кызматтагы судьялардын чет өлкөлүк иш сапарларына арналган чакыруу каттарын жашырып, жакын туугандарын чет өлкөгө чыгаруу максатында пайдаланышканын билдирип, бул боюнча иш козголгонун маалымдаган.
Соттор кеңеши Бишкекте эки судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берди