Жо Байдендин уулуна салык төлөбөгөнү үчүн айып тагылды

Ал салык төлөгөндүн ордуна миллиондорду жеңил ойлуу жашоого сарптаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. АКШ президентинин уулу Хантер Байденге 2016-2020-жылдары 1,4 миллион доллар салык төлөбөгөнү үчүн айып тагылды. Бул тууралуу РИА Новости соттук документке таянып жазды.
Прокурордун маалыматында, кенже Байден тогуз пункт боюнча айыпталып жатат.
"Ал салык төлөгөндүн ордуна миллиондорду жеңил ойлуу жашоого сарптаган... 2016-2020-жылдар аралыгында акчасын баңгизатка, эскорт-кыздарга, кымбат отелдерге, турак жай ижарасына, машиналарга, кийим жана башка жеке каражаттарга короткон", — деп айтылат документте.
Бул айыптоолор боюнча Хантер Байден 17 жылга камалышы мүмкүн экенин Fox News телеканалы кабарлады.

Окуянын чоо-жайы

53 жаштагы Хантер Байденге буга чейин салык төлөбөгөнү үчүн айып тагылган. Ал тергөө менен келишимге барганы менен сот жактырган эмес.
Хантер Байден — АКШнын тарыхында алгачкы ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан президенттин уулу. Козголгон иштер боюнча кенже Байден 25 жылга камалып, 750 миң доллар айыпка жыгылышы мүмкүн. Бирок мындай иштер боюнча биринчи ирет айыпталып жаткандар адатта эркинен ажыратылбайт.
Байдендер чет элдик булактардан 10 млн. доллардан ашык каражат алганы аныкталды