Чүйдө 700 млн. долларга Евразия соода-логистикалык комплекси курулат

Комплекстин ичинде соода шаарчасы, эл аралык көргөзмө, логистика борбору, ири көлөмдүү жабдуулардын маркетплейси жана мейманкана болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек.— Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети менен "Кыргыз-кытай инвестициялык холдинг" ЖЧКсынын ортосунда "Евразиялык соода-логистикалык комплекс" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду.
Кыргызстандын министрлер кабинети менен "Кыргыз-кытай инвестициялык холдинг" ЖЧКсынын ортосунда "Евразиялык соода-логистикалык комплекс" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, кол коюу аземи министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытайдын экономикалык жеке секторундагы эл аралык кызматташтык боюнча соода-өнөр жай палатасынан келген делегация менен жолугушуунун алкагында болгон.
"Аталган долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 700 миллион доллар. Ал Чүй облусунда курулуп, ичинде соода шаарчасы, эл аралык көргөзмө борбору, кампа жана бажы зоналары менен логистикалык борбор, ири жабдуулар үчүн базарлар, турак-жай жана мейманкана болмокчу", — деп айтылат маалыматта.