Министр кышында жарык кайсы учурда өчүрүлө турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кышында эгер трансформаторлорго көп күч келсе электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев брифингде билдирди.
Анын айтымында, кышында көмөк чордондорго күч келсе, электр энергиясын жөнгө салуу үчүн жарык өчүрүлөт. Бирок көпкө эмес. Башка линияга кошуу үчүн 1-1,5 саат убакыт керектелет.
"Быйылкыдай кышка даярдык эч качан болгон эмес. Көпчүлүк жерлерде жабдуулар алмаштырылып, дизель генераторлору, машиналар сатып алынды. Ноябрдын жылуу болушу күч топтоого мүмкүнчүлүк берди", — деген ал.
Министр: кыргызстандыктарды акылдуу эсептегичке толук өткөрүү пландалууда