Бишкекте түтүнгө толгон жатаканадан 40 чет элдик жаран эвакуацияланды

Өрт унаа оңдоочу жайдан чыгып, түтүнү жашоочуларды каптаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкекте унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, ага жанаша салынган жатакана түтүнгө толгон. Ичиндеги адамдар куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
1 / 2

Бишкекте унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, ага жанаша салынган жатакана түтүнгө толгон

2 / 2

Куткаруучуларга бүгүн кечки сегиз жарымдарда Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, жерине 3 күжүрмөн эсеп жана штаб жөнөтүлгөн

Куткаруучуларга бүгүн кечки сегиз жарымдарда Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, жерине 3 күжүрмөн эсеп жана штаб жөнөтүлгөн.

“Кырсыктын кесепетинен унаа оңдоочу жайга жанаша салынган жатакана түтүнгө толуп, анда жашаган чет элдик 40 жаран куткаруучулардын жардамы менен коопсуз жайга эвакуацияланды. Бөлмөдө калып калган дагы бир адамды газ түтүндөн сактоо тобу алып чыгып, ага алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Учурда абалы жакшы”, — деп жазылган маалыматта.

Тилсиз жоо саат 21:18де чектөөгө алынып, 22:13тө толугу менен өчүрүлгөн.
Унаа оңдоочу жайдын болжол менен 40 чарчы метри өрттөнгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.
Балыкчыда унаанын ичиндеги фейерверктер жарылып, бир адам каза болду. Видео