СССРдин 69 жылдык жашоосу токтоп... Жаңы тарых башталган окуянын видеосу

21 күндөн кийин Алматыда КМШ декларациясына мурдагы 11 союздук республиканын башчылары кол коёт.
Sputnik
Мындан туура 32 жыл мурун, тагыраагы, 1991-жылдын 8-декабрында СССР расмий таратылган. Беларустун Беловежская токоюнда жайгашкан Вискули резиденциясында БССР өлкө башчысы Станислав Шушкевич менен өкмөт башчысы Вячеслав Кебич, РСФСРден Борис Ельцин менен Геннадий Бурбулис жана УССРинен Леонид Кравчук менен Витольд Фокин СССРди жоюу боюнча келишимге кол коюшкан.
Жаңылык эң биринчи АКШ президентине кабарланган.
Ошентип 69 жыл өмүр сүргөн СССР деген империянын тарыхына чекит коюлган.
13 күндөн кийин, 21-декабрь күнү, Алматыда КМШ декларациясына мурдагы 11 союздук республиканын башчылары (Балтика менен Грузиядан башкасы) кол коюшат.
Тема боюнча:
Нюрнберг процесси, СССР прокурорунун талабы. Видео