Базарлардагы митинг. Ташиев уюштуруучуларды табууну тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек.— Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев базарлардагы митингдерге байланыштуу атайын кызмат менен Салык кызматынын жетекчилигин чогултуп, жыйын өткөргөнүн УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
"Жыйында Ташиев базар ээлеринин көмүскө кирешелерин, митингдин уюштуруучуларын аныктоо, салыкчылардын паракорчулугун жоюу тапшырмасын берген. Ошондой эле коррупцияга бөгөт коюу иштери күчөтүлөрүн да эскерткен", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей салсак, базардагы соодагерлердин митинги 29-ноябрда башталган. Алгач Оштогу "Кара-Суу" базарында иштегендер райондук администрациянын алдына чогулуп ККМ колдонууга каршы экендигин айтышкан. Эртеси, 30-ноябрда, "Дордой", "Мадина", "Орто-Сай" базарындагылар чогулуп патентти калтырууну талап кылышкан. Мындай митингдер 1-декабрда да уланып, кийин алар менен өлкө башчы Садыр Жапаров жолуккан.
"Дордойдогу" митинг. Акцияга чыккан соодагерлердин бири кармалды