Батир ижарага беребиз деп алдап кетишүүдө. Ош милициясы эскертүү берди

Милиция үй ээси менен бетме-бет көрүшүп, жашай турган жерин көрүп толук ынанмайынча акча которуу кооптуу экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Ош шаардык милициясы ижарага батир берүүчү болуп, алдап кеткен шылуундардан сак болууга чакырды.
ШИИБ муктаж жарандарга ижарага батир берүүнү убадалап, алдап кеткен учурлар катталып жатканын билдирди.
"Мындай адамдар өздөрү бирөөнүн үйүн ижарага алып, аны жарнама аркылуу бир нече адамга берүүгө макулдашып, алдын ала акчасын которттуруп, анан из жашырып кетет", — деп эскертти милициядан.
Шылуундардын тузагына түшпөө үчүн төмөнкү эрежелер сунушталды:
батир берүүчү менен макулдашып, аны менен жүзмө-жүз көрүшүп, үйдү жана анын документтерин толук көрүп, ал адам турак жайдын чыныгы ээси экендигин тактаңыз;
алдын ала телефон же соцтармак аркылуу сүйлөшүп, батирди көрбөй туруп акчаны бербеңиз;
үйдүн дарегин тактап, ал жерде жашаган коңшулардан чыныгы ээси ким экендигин сурап-билип коюу ашыктык кылбайт;
мүмкүн болушунча батир берүүчү менен кагаз түрүндө келишим түзүүгө аракет жасаңыздар;
"Акчаны төмөнкү эсепке тезирээк которуп коюңуз, ачкычты тиги-бу жерден алып аласыз же кечинде алып барып беремин. Болбосо башкалар сурап жатат" деп шаштырган адамдардан этият болуш керек.
Ош милициясы батир берүүчү болуп алдаган шылуундардан жабыркагандар болсо 102 жана 03222 4-82-82 телефондоруна байланышка чыгууну суранат.
Телефон аркылуу алдагандардан кантип сактанса болот? ИИМдин кеңеши