Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ак үй: Россия Украинада жеңишке жетсе, АКШ армиясы түз тирешүүгө өтүшү толук мүмкүн

Россия Украинада атайын аскердик операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Вашингтон эгер Россия Украинада жеңишке жетсе, америкалык аскерлер РФ армиясы менен түз тирешүүгө өтүшү толук мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби айтканын РИА Новости жазды.
"Эгер Путин Украинада стратегиялык жеңишке жете турган болсо, америкалык аскерлер түз тирешүүгө тартылышы ыктымал", — деген Кирби брифинг учурунда.
Андан бир күн мурун АКШ президенти Жо Байден Россия Украинаны жеңгенден кийин НАТО өлкөлөрүнө чабуул коёт деген ишенимде экенин билдирген.
Россия Украинада атайын аскердик операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин запкысына дуушар болгон элди коргоо" экенин айткан. Ал атайын операция аргасыздан жасалган кадам экенин, Россиянын "башка жолу калбаганын, коопсуздук жаатындагы тобокелдиктер башкача чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей калганын" белгилеген. Путиндин айтымында, Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылган, бирок алданып, кысымга жана опузалоого тушугуп келген. Ал арада альянс Москванын каршылыгына карабай кеңейип, барган сайын Россиянын чек арасына жакындай берген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батыш саясатчылары коомчулукту Украинанын жеңилерине даярдап жатышат