Депутат Жалал-Абадга технопарк зонасын түзүүнү сунуштады. Ал кандай иштейт?

Аталган зона үчүн райондун аймагынан 180 гектар жер тилке керектелет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев Жалал-Абад облусуна "Ноокен Технопаркы" эркин экономикалык зонасын түзүүнү демилгеледи. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Максаты — Ноокен районун тездик менен өнүктүрүү, регионго жогорку технологиялык өндүрүштөрдү жана инновациялык бизнести тартуу.
Аталган зона үчүн райондун аймагынан 180 гектар жер керектелет.
Технопарк төмөнкү тармактарга багытталат:
маалыматтык технологиялар, анын ичинде программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана маалыматтарды талдоо;
саламаттык сактоо жаатындагы инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга багытталган биотехнологиялар жана медициналык жабдуулар;
энергетикалык жана экологиялык таза технологиялар, анын ичинде энергиянын кайра жаралуу булактары жана туруктуу өндүрүш процесстери;
өндүрүштүк автоматташтыруу жана робототехника.
Технопарктын долбоору дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн технологиялык компанияларын тартууга багытталган.
Ташиев Жалал-Абадга эл аралык маанидеги аэропорт куруларын айтты