"Бул баланын орду милицияда экен". Нарматова Орунтаевдин үстүнөн даттанды

Эл өкүлү аткаминерди ээлеген кызматына татыктуу эмес деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди сындады.
Ал аткаминерди чакырса келбей, сунуштарын укпай жатканына нааразы болду. Эл өкүлү ИИМ Академиясында юриспруденция адистигин окуган адам курулушту жөндөй албайт деп эсептейт.
"Кечээ мен чакырсам "90 депутаттын ар бирине барганга убактым жок, өзүмдүн графигим бар" деп милициялык мүнөз менен жооп бериптир. Кайра-кайра чалып атып чакырсам, келип 5 мүнөт отуруп эле "зарыл жумуштарым бар" деп шарт туруп кетип калды. Колунда калем сап же кагазы жок, "маселени жакшы билген адистерди жөнөтөм" дейт. Мен жетекчилиги менен сүйлөшөм да", — деди Нарматова.
Депутат андан Ноокат районундагы курулуш объектилери тууралуу сурамак болгон.
"Беш-алты имаратты бузуп-талкалап, пиар жасап аты чыгып калса эле алып барып кызматка коё бербей, мамлекеттин ишин тарта ала тургандарды караш керек да. Бул баланын орду курулушта эмес, милицияда экен", — деп даттанды эл өкүлү.
Дыйкандар зыян тартууда. Депутат пахта арзандап, көйгөй жаратканын айтты